Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Канада премьер-министри качкындарды мекенине чакырды


Премьер-министр Жастин Трюдо.
Премьер-министр Жастин Трюдо.

Жастин Трюдо Канадага АКШ кабыл албай турган качкындарды чакырууда.

“Куугунтуктан, террордон жана согуштан качкандарды Канада диний ишенимине карабай жылуу тосуп алат. Ар түрдүүлүк биздин күчтүү жагыбыз, Канадага кош келгиле!, - деди премьер- министр Жастин Трюдо 28-январда Twitter аркылуу.

Муну менен АКШга коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы президент Дональд Трамптын Америкага мусулман өлкөлөрдөн качкындардын келишине убактылуу тыюу салган чечимине реакция жасады.

Канада өкмөт башчысынын кеңсесинин билдиргенине караганда, премьер-министр Трюдо өз өлкөсүнүн “иммиграция жана качкындар саясаты жаатындагы ийгилигин” АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулоону да мерчемдеп жатат.

Канада сириялык качкындардан 40 миңди кабыл алган. (UE)

XS
SM
MD
LG