Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Трамп АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешин кайра түздү


Президент Дональд Трамп Ак үйдө. 28-январь, 2016-жыл.
Президент Дональд Трамп Ак үйдө. 28-январь, 2016-жыл.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешти кайра түзүүнү караган жардыгына ылайык, Ак үйдө башкы стратегиячы кызматын ээлеген жана өткөнү талаштуу Стив Бэннон да бул органдын курамына киргизилди.

Былтыр Трамптын командасына кошулганга чейин Бэннон “Breitbart” деген жаңылыктар сайтын башкарчу.

Ал интернет сайтта айрым учурларда ксенофобиялык жана расалык көз караштан жазылган макалалар жарыяланып турган.

Улуттук Коопсуздук боюнча кеңеш - АКШ президентине улуттук коопсуздук жана тышкы саясаттын маселелери боюнча кеңеш берүүчү жана чечимдердин аткарылуусун координациялоочу орган.

Ак үй билдиргендей, президенттин жардыгына ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин жыйындарына катышуу тартиби да өзгөрүүдө.

Мурдагы администрациялардын учурунда кеңештин олтурумуна АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин директору жана эң жогорку аскерий кызмат- штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы да такай катышчы.

Эми бул эки кызмат адамы Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин олтурумуна алардын “кызмат милдетине жана тажрыйбасына тиешелүү маселелер” каралган учурда гана катышат.

"21-кылымда Кошмо Штаттардын алдында турган коопсуздук коркунучтары эл аралык чек араларга чыгууда. Андыктан, АКШ өкмөтүнүн бул проблемаларды чечүүчү структуралары жана жараяндары буга адаптацияланып, кайра түзүлүүсү керек”,- деп айтылат президенттин жардыгында.

Республикачыл сенатор, Трамптын саясатынын сынчысына айланып бара жаткан Жон МакКейн Си-Би-Эс телеканалы менен 29-январдагы маегинде кайра түзүүнү “Улуттук коопсуздук кеңештин тарыхындагы эң радикал” өзгөрүү катары мүнөздөп, анын курамына Бэннон киргизилгенине кооптонуп турганын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG