Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:49

АКШда президент жардыгынан улам он миңдеген адам демонстрацияга чыкты


Ак үйдүн жанына жыйналган демонстранттар. Вашингтон, 29-январь, 2017-жыл.
Ак үйдүн жанына жыйналган демонстранттар. Вашингтон, 29-январь, 2017-жыл.

Президент Дональд Трамптын иммиграциялык жардыгына каршы нааразылык акциялар АКШнын кеминде он бештей шаарында өтүүдө.

Нью-Йоркто президент жардыгын айыптоону көздөгөн демонстранттар төмөнкү Манхэттендин Эркиндик айкели көрүнгөн Бэттери паркына жыйналышты.

АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер Нью-Йорктон сүйлөгөн учурунда президент жардыгы “америкалык эместигине” токтолуп, “биз бул жерде көп адамдын жашоосу жана өлүмү жөнүндө сөз кылып жатабыз”,- деп белгиледи.

Бостон шаарынын борборуна болсо он миңден ашуун адам жыйналды.

Миңдеген адамдар Вашингтондо Ак үйдүн сыртына чогулуп, "Аларды койо бергиле!" деп кыйкырышып, "Биз баарыбыз мусулманбыз” деген жазууну да көтөрүп турушту.

Вашингтондогу демонстранттар ошондой эле шаар көчөлөрү боюнча жүрүш жасап, Конгресс имаратынан көп алыс эмес "Трамп" мейманканасына чейин барышты.

Демонстрациялар АКШнын башка шаарларында: Хьюстондо, Детройтто, Сент-Луисте, Лос-Анжелесте да мерчемделген.

АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Трамп 27-январда жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жардыкка кол койгон эле.

Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен.

Президент жардыгына ылайык, АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотот.

Чектөө мекенинде диний негизде куугунтукка кабылган качкындарга карата жайылтылбайт.

Президент жардыгынын аткарыла баштоосу АКШнын аэропортторунан жүздөгөн адамдардын кармалышына же депортациялануусуна алып барды. ( UE)

XS
SM
MD
LG