Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Турак-жайларын жер көчкү басып калган төрт үй-бүлөнүн 26 мүчөсү азык-түлүк, кийим-кече, жылуу төшөнчүлөр менен камсыз болушту. Алар Орток токой чарбанын кеңсесине жана кошумча имаратына жайгаштырылды. Калган 13 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин Жалал-Абад облус башкармалыгынын өкүлү Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди:

-Бул аймак кооптуу катары саналып, тургундар мурда эле ал жактан көчүрүлгөн болчу. Бирок Ата Журтубуз деп айрымдары толук кетпей, кайра чарбачылык кылып, жашап жатышкан экен. Учурда алардын баары толук көчүрүлүп бүттү. Айылдан электр энергиясы кыркылып, жашоого шарт токтотулду.

Райондун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылына 26-январь күнү көлөмү 65 миң куб жер көчкү жүргөн. Эки турак жай көчкү алдында калса, дагы эки үй жарактан чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG