Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Трамптын жардыгы башка мамлекет башчылардын кайчы пикирин жаратты


Трамптын саясатына каршы чыккандардын АКШдагы акциясы.

Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШ президенти Дональд Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандары үчүн дарбазаны убактылуу жабуу тууралуу жардыгын “ката” деп атады. Канцлер терроризм менен күрөшүү чечими адамдарды ишенимине жана өңүнө карап бөлүүгө негиз бербейт деп эсептейт. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт 29-январда билдирди.

Анын сөзү боюнча, качкындар макамы тууралуу Женева конвенциясына кол койгон өлкөлөр согуштан качкан адамдарды кабыл алууга милдеттүү.

АКШ президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө немис канцлери аны “чоң жыйырманын” быйыл июль айында Гамбургда өтүүчү саммитине катышууга чакырды.

Ал эми Британиянын премьер-министри Тереза Мэй АКШ президенти Дональд Трамптын миграциялык чектөө тууралуу демилгесин сынга алды. AFP агенттиги британ өкмөтү бул кадамга коомчулуктун катуу сын пикиринен кийин барды деп жазды. Анткени, 28-январда Түркияга жасаган иш сапарында Мэйдин Трамптын демилгесин сындоодон баш тартканы британдыктардын нааразылыгын пайда кылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG