Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Райнс Прибус: АКШ аэропортторунда башаламандык жок


АКШга учуп келген жүргүнчүлөр.

Ак үйдүн аппарат башчысы президент Трамп киргизген миграциялык чектөөлөрдү жактап чыкты. Ал 29-январда NBC телеканалына курган маегинде АКШ аэропортторунда жүргүнчүлөр нааразылык акцияларын өткөрүп, башаламандык болду деген маалыматтарды четке какты. Прибус 28-январь күнү АКШга учуп келген 325 миң жүргүнчүнүн 109у гана текшерүү үчүн кармалганын билдирди.

28-январда АКШнын Федералдык соту өлкөдөгү саякатчыларды жана качкындарды депортациялоону убактылуу токтоткон чечим чыгарган. Ага ылайык визасы бар качкындарга жана башка юридикалык уруксаты бар адамдарга Америкага кирүүгө тыюу салынбайт.

Өлкөнү террористтерден коргоону убада кылган Трамп жума күнү жаңы иммиграциялык эрежелерди киргизген. Ага ылайык, Иран, Ирак, Сирия, Судан, Ливия, Йемен жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарын 90 күнгө АКШга кирүүсүнө тыюу салынган.

Райнс Прибус болсо бул өлкөлөрдүн “грин карты” бар жарандары АКШга ар бир жолу атайын текшерүүнүн негизинде гана кире алышарын маалымдоодо. Анын бул сөзү президент Трамптын жардыгына каршы келет.

АКШнын ички коопсуздук департаменти жаңы иммиграциялык эреже ишке кирген бир күн ичинде 109 адамга Кошмо Штаттарга кирүүгө бөгөт коюлганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG