Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Окуучуларды кезметчи кылуу жана сабактан чыгарууга тыюу салынды


Мектептерде окуучуларды сабакка кечиккени же формасы жок келгени үчүн окууга киргизбей коюуга тыюу салынды. Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы методикалык нускамасында жазылгандай, сабактан окуучуларды чыгарып жиберүүгө мугалимдин акысы жок. Аталган мекеме бул тууралуу бүгүн, 30-январда маалымдады.

Окуучуларды сабактан бошотуп, мектептеги кезметчиликке тартууга, ашканага тамак ташууга кезекке коюуга, мектептин айланасын тазалатууга, окуу планына кирбеген иш-чараларга катыштырууга катуу тыюу салынат.

Нускамада айтылгандай, мугалимдер сабак учурунда класстан чыгып, окуучуларды кароосуз калтырбоого тийиш. Өтө зарыл учурда кезметчи администраторго тапшырышы зарыл. Директорлор балдардын ата-энелери менен чогулуш уюштуруп, сабактан тыш жана окуу учурундагы кызматташууну жандантуу маселесин талкуулап турууга милдеттендирилди.

Министрликтин басма сөз катчысы Айзуура Чыкынова "Азаттыкка" билдиргендей, бул эреже окуучулардын тарбиялык иштерин жана ата-энелер менен кызматташууну жандантуу максатында кабыл алынды. Анда окуу тарбия-иштери баланын кызыкчылыгына дал келип, демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдар сакталышы зарылдыгы белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG