Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 11:58

Квебектеги мечитке кол салуудан беш киши набыт болду


Квебек, кол салуудан кийин.

Кол салуу учурунда мечитте кырк чакты киши болгонун, аларга куралдуу үч киши кол салганын күбөлөргө таянып "Рейтер" агенттиги жазды. Мечиттин имамы айткандай, кол салуу кечки намаз убагында болгон. Имам өзү кол салуу учурунда мечитте болгон эмес. Квебек мечитиндеги кол салууну жергиликтүү полиция тастыктады. Полиция өкүлүнүн маалыматы боюнча, жабыркагандар да бар.

Би-би-синин жазганына караганда, кол салуудан 4 киши набыт болгон.

2016-жылы июнда белгисиз адамдар ушул эле мечиттин босогосуна чочконун башын таштап кетишкен.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG