Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

"Аккула" ипподрому мэриянын карамагына өттү


"Аккуладагы" оюндардан. 2013-жыл, Нооруз майрамы.
"Аккуладагы" оюндардан. 2013-жыл, Нооруз майрамы.

Бишкектеги “Аккула” ат майданы мэриянын карамагына өтүп, 2017-жылдын 20-январынан тарта Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ээлик кыла баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов “Азаттыкка” билдирди. Чечимди Ленин райондук соту чыгарган:

- Ал жер мурда Бишкек мэриясына таандык болгон. Токсонунчу жылдардын башында Айыл чарба министрлигининин токтому менен жеке колдорго өтүп, Ачык акционердик коом болуп калган. Мэрия көп жылдан бери соттошуп утуп алды.

Мааткабылов билдиргендей, башкармалык стадионду гана алды. Ал эми ат багуучу жайлар акционердик коомдун өзүндө калды.

Учурда ипподромду тийиштүү талаптарга дал келе тургандай кылып оңдоп-түздөө пландары иштелип чыгууда. (SE)

XS
SM
MD
LG