Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Авиакырсыкта жабыркагандарга 37 миллион сомдон ашуун акча топтолду


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 30-январь, саат 11:00гө карата 37 миллион 130 миң 883 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп жогоруда көрсөтүлгөн.

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалымат үчүн телефон: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши жергиликтүүлөр. (SE)

XS
SM
MD
LG