Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Квебектеги кол салуу теракт катары сыпатталууда


Канаданын Квебек шаарында болгон мечиттеги кол салууну расмий өкүлдөр “мусулмандарга каршы терррордук акт” деп сыпаттады. Шаардык полициянын басма сөз кызматы окуяга шектелип эки адам кармалганын кабарлаган.

Айрым булактар, ок атуудан беш киши мерт болгонун билдирсе, кээ бир маалыматтарда төрт киши набыт болгону айтылууда.

Өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо окуяны коркоктордун кол салуусу деп Твиттерге жазды.

Жекшембиде аталган шаардагы мечитте белгисиз кишилер ок чыгарган. Reuters агенттиги күбөлөргө таянып кабарлагандай, кол салуу учурунда мечитте кырктай адам ибадат кылып жаткан.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, Канаданын Квебек шаарындагы мечитке уюштурулган кол салууда кыргызстандыктар жабыркаган жок. Тактоо иштери уланууда (SE)

XS
SM
MD
LG