Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келиши мүмкүн


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн. Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Ибрагим Жунусов Эрдогандын Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен 27-январда жолугушуп, ушул маселени талкуулашты.

Жунусов “Азаттыкка” билдиргендей, быйыл Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда. Ошонун алкагында Эрдогандын Бишкекке келиши күтүлүп жатат. Азырынча так датасы анык эмес.

-Башкы кеңешчи менен сүйлөштүм. Алар жакын арада Эрдогандын Кыргызстанга сапары жөнүндө толук маалымат бермей болушту.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммити 2016-жылы Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок белгисиз себеп менен кийинкиге жылдырылган.

Эрдоган акыркы жолу Кыргызстанга 2013-жылы Түркиянын премьер-министри болуп турган маалда келген.(ElB\SE)

XS
SM
MD
LG