Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:49

31-январга аба ырайы


Кыргызстанда 1-февралга чейин аба ырайы катуу суук болуп, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде бурганак болот. Ош, Жалал-Абад аймактарында бак-даракка жана электр зымдарына суу кар жармашат.

Тоолуу жолдорго кар күрткү топтолуп, кар көчкү коркунучу бар. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

31-январда жаан жаабайт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында 0...-5, күндүз +2...+7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -1...-3, күндүз +5...+7 градус болот

XS
SM
MD
LG