Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Трамп иммигранттар боюнча буйругун коргоду


Чикаго аэропортундагы нааразылык акциясы
Чикаго аэропортундагы нааразылык акциясы

Президент Дональд Трамп жети мусулман өлкөнүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө убактылуу тыюу салган буйругун коргоп чыкты. Ал бул чечими мусулмандарды бутага албастыгын, коопсуздук чаралары камсыз кылынгандан кийин АКШ бардык өлкөлөрдүн жарандарына виза бере баштарын айтты.

“Чет өлкөлүк террорчулардан” коргойт деген бул буйруктан кийин АКШнын аэропортторунда ондогон мусулман жүргүнчүлөр кармалды. Мындай жагдай Американын өзүндө гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү нааразылык акцияларына себеп болду. АКШнын айрым сенаторлору да бул буйрукка каршылыгын билдиришти. Бир катар федералдык судьялар визасы бар адамдарды депортациялоону убактылуу токтотуу чечимин чыгарышты. 16 штаттын прокурорлору бул буйрукту Конституцияга каршы келет деп атап, ага каршы күрөшүүгө убада беришти.

Дональд Трамп 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, АКШнын качкындар программасы 120 күнгө токтотулган. Ошондой эле сириялык качкындарга АКШга виза алууга толугу менен тыюу салынып, Ирак, Иран баштаган жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизилген.

XS
SM
MD
LG