Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Тажикстанда кар көчкү бери дегенде жети кишинин өмүрүн алды


Душанбе-Хожент жолундагы кар көчкү.
Душанбе-Хожент жолундагы кар көчкү.

Тажикстандын түштүгүндөгү Тоолуу-Бадахшан аймагындагы Душанбе-Хожент жолуна кар көчкү түшүп, андан кеминде жети киши мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз өкүлү Умеда Юсуфова дүйшөмбүдөгү кырсыктан кийин куткаруучулар иштеп жатканын, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Кар көчкүгө калың кардан кийинки жылуу аба ырайы себеп болгону айтылууда. Бадахшан аймагында дем алыш күндөрү баш аягы 40 ири кар көчкү катталды.

28-январда аймактагы дагы бир кар көчкүдөн ондогон унаалардын жолу бөгөлүп, 500дөй адам ара жолдо калган. Расмий өкүлдөр алардын баары куткарылганын билдиришти.

Территориясынын 93 пайызын тоолор түзгөн Борбор Азиядагы бул өлкөдө кар жана жер көчкүлөр көп катталып, жыл сайын ондогон адамдардын өмүрүн алат.

XS
SM
MD
LG