Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Ажылыкка барчулар үчүн Кыргызстанга квота көбөйдү


Сауд Арабия өкмөтү ажылыкка барчулар үчүн быйыл Кыргызстанга 4585 квота берди. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп. Муфтий аталган өлкөгө барып ажылык амалдары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Эми зыяратка баруучуларды ташыганга авиакомпанияларды тандоо сынагы жарыяланды. Сынакка Кыргызстандын жана Сауд Арабиянын авиакомпаниялары катыша алат.

Ажылык сапары тууралуу маалыматтарды жарандарга жеткирүү үчүн уюлдук телефондорго “Ажылык-2017” тиркемеси иштелип чыкты.

Былтыр кыргызстандыктар үчүн ажылык сапарга 3685 орун бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG