Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

ЕАЭБ: кыргызстандык мигранттарга пенсия чегерүү каралууда


Москвада иштеп жүргөн борборазиялыктар. Иллюстрация.
Москвада иштеп жүргөн борборазиялыктар. Иллюстрация.

Евразия экономикалык комиссиясы ортолук экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарына пенсия чегерүү боюнча долбоорду бекитти. Ага ылайык, Орусияда, Казакстанда, Беларуста жана Арменияда мыйзамдуу иштеп жаткан кыргызстандыктар мекенине кайткандан соң аталган өлкөлөрдөн пенсия алса болот.

Орусиянын басылмалары жазышкандай, бул демилге салык төлөп, мыйзам эрежелерин бузбай иштегендерге кайтарым жасоо максатын көздөйт.

Кыргызстандын Социалдык фонду муну бышыктап, азырынча бул долбоорду толук кандуу документ деп айтууга эрте экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январда Москвада ушул маселеге арналган өкмөттөр аралык жыйын өтөт.

ЕАЭБге Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө. Бишкек уюмга 2015-жылы августта кирген. Андан соң Орусиядагы кыргызстандык мигранттар патентсиз иштөө сыяктуу жеңилдиктерге ээ болушкан.

Бирок уюмдун ичинде товар алмашуу жаатында маселелер толук чечилбей, Кыргызстан өнөктөш өлкөлөргө азык-түлүк сатууда көйгөйлөргө тушугуп келет. (SE/LzT)

XS
SM
MD
LG