Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Ислам дүйнөсү Трамптын чечимине "олуттуу тынчсыздануусун" билдирди


Ислам кызматташтык уюмунун саммиттеринин биринен көз ирмем
Ислам кызматташтык уюмунун саммиттеринин биринен көз ирмем

Ислам кызматташтык уюму АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграциялык саясатына “олуттуу тынчсыздануусун” билдиришти.

Курамына 57 мамлекет кирген, ислам өлкөлөрүнүн эң ири уюму бул тууралуу 30-январда билдирүү таратты. Анда Трамптын буйругу согуш менен куугунтуктан качкандарга терс таасир этери айтылат.

“Мындай тандалма жана дискриминациялык аракеттер радикал экстремисттерге шык берет” делет билдирүүдө.

Дональд Трамп 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, АКШнын качкындар программасы 120 күнгө токтотулган. Ошондой эле сириялык качкындарга АКШга виза алууга толугу менен тыюу салынып, Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүгө 90 күндүк чектөө киргизилген.

Буга каршы дүйнөнүн ондогон шаарларында миңдеген адамдар нааразылыкка чыгышты.

XS
SM
MD
LG