Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Германия: террорчуларга жардам берүү үчүн чиркөөлөрдү тоногондор соттолду


Германияда сегиз киши “Ислам мамлекети” террордук тобуна каржылык жардам көрсөтүү үчүн чиркөөлөрдү тоноп жүрүшкөн деп табылды. Аларга 2,7 жылдан 4,7 жылга чейин соттолду.

Прокуратура уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү деп атаган бул адамдар үч жыл боюу Кельн, Зиген шаарларындагы чиркөөлөрдү тоношкон. Алар баалуу буюмдарды сатып, Сириядагы согушкерлерди колдоо үчүн каражат топтошкон деп айтылат.

Ошол эле учурда сот төрагасы айыпталуучулар мамлекетке каршы олуттуу зомбулук көрсөтүшкөн эмес жана Сирияга ири суммада акча жөнөтүшкөнү аныкталган жок деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG