Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Меркель Трамптын иммиграция саясатын кескин сындады


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Германия канцлери Ангела Меркель АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграциялык саясатын кескин сындап чыкты.

30-январдагы билдирүүсүндө Меркель терроризм менен күрөш “олуттуу” жана “чечкиндүү” болушу керектигин айтты. Кайсы бир ишенимдеги адамдардан, азыркы жагдайда мусулмандардан жапырт шектенүүгө болбосун баса белгиледи.

“Менин оюмча, бул кадам качкындарга эл аралык жардам көрсөтүү жана эл аралык кызматташтык принциптерине каршы келет”, деди Меркель.

Канцлер немис Тышкы иштер министрлиги мына ушул чечимден жабыркагандарга, өзгөчө кош жарандыгы барларга бардык укуктук жардамдарды көрсөтөрүн айтты.

Дональд Трамп 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, АКШнын качкындар программасы 120 күнгө токтотулган. Ошондой эле сириялык качкындарга АКШга виза алууга толугу менен тыюу салынып, Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүгө 90 күндүк чектөө киргизилген. Буга каршы дүйнөнүн ондогон шаарларында миңдеген адамдар нааразылыкка чыгышты.

XS
SM
MD
LG