Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Азимжан Аскаров ачкачылыгын токтотту


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Аскаров ачкачылыгын токтоткону тууралуу билдирүүсүн 30-январда өзү кармалып турган тергөө абагынын жетекчисине берген.

Ошол эле күнү укук коргоочуга Жаза аткаруу кызматынын Коомдук кеңештин өкүлдөрү кирип, жолугуп чыгышкан эле. Аскаров башы, муундары ооруп жатканын, алсырап жатканын айтканын коомдук кеңештин мүчөсү Аида Байжуманова билдирди. Анын сөзү боюнча, укук коргоочу ошондой эле камерада жарык китеп окуганга алсыздык кылып жатканын белгилеп, күндүзгү сейилдин убактысын узартып берүүнү өтүнгөн.

2010-жылкы июнь коогасына айыпталып, соттолгон Азимжан Аскаров ачкачылык акциясын Чүй облустук сотунун өкүмүнөн соң, 24-январда баштаган.

Чүй облустук соту укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG