Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Мектептердин курулушу боюнча маалымат берилет


Мектеп курулушу.
Мектеп курулушу.

2016-жылдагы мектептердин курулушу жана быйылкы социалдык мекемелерди куруу тапшырмасы жөнүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен Курулуш, архитектура жана турак-жай агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев журналисттерге маалымат беришет.

Маалымат жыйыны Өкмөт үйүндө өтөт.

Өткөн жылы Кыргызстанда 80 мектептин курулушу мерчемделип, жаңы окуу жылына карата анын 20сы гана ишке берилген. Калган мектептердин курулушуна каралган каражат Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата, Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна сарпталып кеткени айтылган. Билим берүү министри 25-январда президентке берген маалыматында былтыр Кыргызстанда 76 мектеп курулуп, пайдаланууга берилгенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG