Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Өмүрбек Текебаев учурдагы саясий кырдаал боюнча маалымат берет

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидери анда “Белизгейт” боюнча айыптоолор, партиянын айрым мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп жатканы тууралуу ой-пикирин журналисттер менен бөлүшөт.

Өткөн аптада УКМК билдирүү таратып, 2010-жылы Максим Бакиевге таандык “Альфа телеком” компаниясынын 51% үлүшүн алган Penwell Business Limited компаниясы акцияны биротоло өзүнө менчиктеп алуу үчүн 2010-жылдары жогорку даражалуу кыргыз чиновниктерине өтө ири суммада пара бергенин коопсуздук кызматы аныктап чыкканын маалымдаган. Бул иш боюнча Коопсуздук кызматы “Ата Мекен” партиясынын парламенттеги үч депутаты: Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновадан шек саноодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG