Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

ӨКМ: Чек аранын Тажикстан тарабында жүк ташуучу унаа тыгылып калган


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагынын Кыргызстан менен чектешкен жеринде кар оор түшүп, жол кыймылы кыйын абалга кептелген. Аймакта автоунаалар жүрө албай, туруп калганы тууралуу Чоң-Алайга өтө албай турган айдоочулар “Азаттыкка” маалымдашты.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты жарым- жартылай тастыктады. Министрликтин кабарлоосу боюнча, Чек аранын Тажикстан тарабында жүк ташуучу унаа тыгылып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок ал унаа кыргызстандык же тажикстандык жарандардын кимисине тиешелүү экени белгисиз. Ал чек аранын тажик тарабында тургандыктан, кыргызстандык куткаруучулар ага жете алган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG