Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:40

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегакомго” байланыштуу чатакка президент аралашканы, өзүнүн катышуусун жабуу максатында башкаларга УКМК аркылуу жалаа жабууга аракет кылып жатканын айтты. Мындай пикирин бүгүн парламентте өткөрүп жаткан басма сөз жыйынында белгиледи.

Өткөн аптада УКМК тараткан билдирүүдө 2010-жылы Максим Бакиевге таандык “Альфа Телеком” компаниясынын 51% үлүшүн алган Penwell Business Limited компаниясы акцияны биротоло өзүнө менчиктеп алуу үчүн 2010-жылдары жогорку даражалуу кыргыз чиновниктерине өтө ири суммада пара бергени, муну коопсуздук кызматы аныктап чыкканы айтылган.

Бул иш боюнча Коопсуздук кызматы “Ата Мекен” партиясынын парламенттеги үч депутаты: Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновадан шек саноодо.

Бийлик башындагылардын ортосундагы бул талаш “Белизгейт” деген аталыш менен белгилүү. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG