Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Каттоо кызматы: Бакиевдин жери 2,5 млн сомго сатылган


Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттеждер, Бишкек
Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттеждер, Бишкек

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык бир гектардан ашуун жер 2 миллион 500 миң сомго сатылган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал эми жердин базар баасы 3 млн доллар экени аныкталды. Жерди Элдияр Туратбеков аттуу жаран сатып алган.

Ушул тапта Бакиевдердин мүлктөрү боюнча депутаттык комиссия Ак үйдө жыйын курууда. Жыйынга Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев, башкы прокурордун орунбасары Кылыч Токтогулов катышууда.

Максим Бакиевдин Бишкектин чок ортосундагы бир гектардан ашык жери өткөн айда сатылып кеткени жакында ачыкка чыккан. 18-ноябрда Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштары Алексей Елисеев, Алексей Ширшовго таандык делген, камакта турган мүлктөр боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссия төрагасы Канат Исаев жерди сатууга прокуратура, сот аралашканын, муну күбөлөр менен сүйлөшүп, аныктаганын белгиледи. Комиссия мүчөсү, Алмамбет Шыкмаматов Максим Бакиевдин бир гектардан ашуун жерин сатууга Мамлекеттик каттоо кызматы түздөн-түз аралашканын билдирди.

Прокуратура өкүлү Кылычбек Токтогулов аталган жер 2014-жылы аресттен чыгып кеткени 2016-жылы августта гана билингенин, учурда иликтөө жүрүп жатканын айтты. Эгер жер мыйзамсыз камактан чыгарылганы аныкталса, райондор аралык соттун судьясына кылмыш иши козголорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG