Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети Стамбул прокуратурасынын аталган окуу жайды “террордук уюмдун ишмердигин жайылтат” деген маалыматын куру доомат деп атады.
Hurriyet басылмасы 30-январда тараткан кабарга ылайык, түрк прокуратурасы Фетхуллах Гүлендин “террордук уюмуна таандык” деп чет өлкөлөрдөгү университеттердин тизмесин жарыялаган. Арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния жана башка мамлекеттердеги биргелешкен окуу жайлар жазылып, “Ататүрк – Ала-Тоо” университети да аталган.
Түркия прокуратурасынын маалыматына ылайык, "бул университеттер Гүлендин уюмунун максаттарын жайылтуу максатында ачылган".
Окуу жайдын басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов бул боюнча мындай комментарий берди:
-Тизме боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарынан билдик. Биз өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде каттоодон өтүп, иштейбиз. Чет өлкөлөрдүн ички саясий жараяндарына тиешебиз жок. Кыргызстандагы маалымат каражаттарына пикирибизди билдирдик. Чет элдик журналисттер байланышкан жок.
2016-жылдын жайында Түркияда төңкөрүштү Фетхуллах Гүлендин кыймылы жасаганы айтылып, бийлик анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери миңдеген кишилер камакка алынып, иштен бошотулду.
Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети 1996-жылы ачылган. Анда ушу тапта 2200 студент окуйт. (SE\TSh)