Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Казакстандан Бишкекке келаткан жүк поезди кырсыкка кабылды


Казакстандан Кыргызстанга келаткан 57 вагондуу жүк поезди кырсыкка кабылып, акыркы алты вагону рельстен чыгып кетти. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, окуя бүгүн эртең мененки саат тогуздан өткөндө Казакстандын Мерке айылына жакын жерде болгон.

Поездде келаткан төрт кыргыз жарандарынын эч кимиси жабыркаган эмес.

Поезд "Луговое" станциясынан "Бишкек-1" станциясына көмүр алып келаткан эле. Кырсыктын чоо-жайын эки тараптуу комиссия иликтеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG