Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Трамп башкы прокурордун милдетин аткаруучуну кызматтан алды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясатына нааразылардын саны өсүүдө. 30-январда Трамп башкы прокурордун кызматын аткаруучу Салли Йетсти кызматынан алды. Йетс жети өлкөнүн жарандарын жана качкындарды өлкөгө киргизүүнү убактылуу токтотуу буйругунун мыйзамдуулугунан күмөн санап, аны аткаруудан баш тарткан. Мурдагы президент Барак Обама тарабынан дайындалган прокурор Сенат жаңы талапкерди бекитмейинче кызматын аркалай бермек. Дүйшөмбү күнү Йетс кол астындагыларга президенттин буйругун соттордо коргобоо көрсөтмөсүн бергенин айткан. Көп узабай Ак үй муну менен ал мекемеге «чыккынчылык кылды» деген билдирүү жасады.

Ал эми демократ – сенатор Ричард Блументал Йетстин кадамын мындайча кубаттады:

- Салли Йетс бул буйруктарды коргоо мүмкүн эмес, мыйзам жана моралдын үстөмдүгү учурдагы саясаттан маанилүү деп юстиция департаментинин жогорку салттарын карманып, моралдык жана укуктук принциптерге негизделген позицияны ээледи.

Трамп 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, Сирия, Йемен, Ирак, Иран, Судан, Ливия жана Солмалинин жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Мамлекет башчы муну терроризмге каршы күрөш менен түшүндүрдү. Бирок расмий маалыматтар боюнча тизмедеги өлкөлөрдүн жарандары АКШ аймагындагы бир да терактка аралашкан эмес.

XS
SM
MD
LG