Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Пакистанда терактка шектүү Хафиз Саид камалды


Пакистан бийликтери 2008-жылы Мумбайдагы кол салууну уюштурууга шектелген негизги адамды үй камагына алды. АКШ менен Индия динаятчы Хафиз Саидди камоону көптөн бери талап кылып келатышкан эле. Аны 166 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин дароо камашып, бирок жарым жылдан кийин кое биришкен. Динаятчы аны Вашингтондун буйругу менен кармашканын, чечимди сотто талашарын айты. Пакистан бийлиги аны соттоого жетиштүү далилдер жок деп айтып келген.

АКШ Саидди кармагандарга 10 миллион доллар сыйлык убада кылган. Динаятчы өзү негиздеген "Жамаат-уд-дава" деген популярдуу кайрымдуулук уюмун жетектейт. Вашингтон уюмду бир нече өлкөдө тыюу салынган "Лашкар-и-таиба" согушкер тобунун бир канаты деп билет. 2008-жылдын ноябрында Индиянын Мумбай шаарында куралчан топ үч күн бою көчөлөрдө, мейманкана, вокзал, жөөт борборунда бир нече террордук чабуулдарды ишке ашырышкан.

XS
SM
MD
LG