Ысык-Көлдө 30-январда чөгүп кеткен эки балыкчы изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Күрмөнтү айылынын эки жашоочусу Түп районунун Кутургу жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы аймакта жоголушкан. Издөө иштерин министрликтин кызматкерлери, милиция өкүлдөрү жана балыкчылардын туугандары жүргүзүүдө.
16-январда да көлдө эки балыкчы чөгүп кетип, биринин сөөгү үч күндөн кийин, экинчиси бир аптадан соң табылган.