Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Көчкүдөн кийин Душанбе-Кожент автожолу ачылды


Душанбе-Кожент автожолу бүгүнтөн тарта жеңил машиналар үчүн ачылды. Бирок кыймыл чектелип турмакчы. Бир күнү Кожент тараптан келаткан автоунаа үчүн ачык болсо, экинчи күнү баш калаадан келаткандар өтө алат. Жол кайгуул кызматы айдоочуларды бекитилген графикти сактоого үндөөдө.

28-январдан бери кар көчүп кан жолдун бир нече тилкесин бууп салган. Жүздөгөн жүргүнчү, 150 чакты жеңил жана оор машиналар калың кардан жүрө албай калышкан. Расмий маалымат боюнча алты киши көчкүнүн алдында калып каза тапты, дагы үч киши дайынсыз болууда. Чукул кырдаалдар комитетинин бөлүктөрү тазалоо иштерин улантышууда.

XS
SM
MD
LG