Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

УКМКнын жанында Салянованы колдогон акция өттү


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Аида Салянованын суракка чакырылышы боюнча бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жанында нааразылык акциясы болду. Күч органдарынан билдиришкендей, он чакты адам чогулуп, көп узабай тарап кетишкен. Атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырганы тууралуу аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте өткөн басма сөз жыйынында билдирген.

Бирок Салянованын адвокаты расмий чакыруу келгенде гана ал суракка барарын “Азаттыкка” айтты.

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага кылмыш ишин козгогон. Ал мындан алты жыл мурда юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталып жатат. Салянова бул иш үчүн кылмыш ачууга негиз жоктугун белгилейт. Анын партиялаштары да муну бийликтин атайылап көө сүртүүсү деп сыпатташат.

XS
SM
MD
LG