БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын баллистикалык ракета учуруусу боюнча чукул жыйын өткөргөнү жатат. 29-январда Иран орто аралыкка учуучу ракетаны сынагандыгына байланыштуу Вашингтон Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынына чогулуу демлгесин көтрөдү, - деп билдирди АКШнын миссиясы. Бул Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы жаңы элчиси Никки Хейли кызматка киришкенден берки биринчи кайрылуу. АКШнын расмий өкүлдөрү Ирандын соңку сыноосун Коопсуздук кеңеши текшерүүгө тийиш, себеби ал Улуттар Уюмунун резолюциясын бузуу болуп эсептелет деп билдиришти. Резолюция Ислам жумуриятына ядролук дүрмөт ташыган ракеталарды жасоого тыюу салат.
Израил да Коопсуздук кеңешин Иранды сыноо үчүн жазалоого чакырды. Бирок буга чейин Орусия жана Кытай андай сыноолорго байланыштуу сунуш кылынган санкцияларга вето коюп келген.