Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

Татарстанда активист соцтармактагы билдирүүсү үчүн соттолууда


 Рамиль Ибрагимов сотто.
Рамиль Ибрагимов сотто.

Татарстан прокуратурасы жаш активист, ишкер Рамиль Ибрагимовду социалдык тармактарда Орландодогу гей клубда 49 кишини атып өлтүрүүнү колдогондугу үчүн үч жылга кесүүнү сурап жатат.

Ибрагимовго терроризмге үндөө беренеси боюнча иш козголгон. Былтыр жайында ал Инстаграмда Орландодогу кан төгүүнү кубаттап, жарадарлар аман калганына орой түрдө өкүнгөн. Кийин Ибрагимов аны туура эмес түшүнүшкөнүн айткан, сотто болсо кылгандарын макоолук жана ойлонбой жасалган иш деп атады.

Былтыр 12-июнда АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында түнкү клубдагы кол салуудан 49 киши каза таап, 53 киши жаракат алган. Ок ачкан теги оогандык АКШ жараны Омар Матин полиция менен атышууда жан берген. Кол салуу теракт деп сыпатталган.

XS
SM
MD
LG