Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Салянова укугун мыйзам чегинде коргой турганын билдирди


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова Фейсбуктагы баракчасына 31-январь күнү өзүн колдоп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыккандарга ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле УКМК сурагына барбаганына да түшүндүрмө берген. Салянованын жазганы боюнча, 31-январь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде ал жазган мыйзам долбоору каралмак. Бул тууралуу УКМКга адвокаты алдын ала маалымат берип, тергөөчүгө сурактын мөөнөтүн жылдыруу боюнча өтүнүч кат жиберилген.

Аида Салянова өз билдирүүсүндө аны коркутуудан пайда жоктугун белгилеп, укугун мыйзамдын негизинде коргоп аларын билдирген.

Аида Саляновага 2010-жылы издөөдөгү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген себеп менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти УКМК тергеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG