Кагылыштар күч алып, эки тараптан тең мерт кеткендер бар. 31-январда орусиячыл жикчилдер мурдараак украин аскерлери ээлеп алган позицияларды кайтарууга аракет кылышты. Авдеевкадагы атышуунун натыйжасында электр жарыгы, жылуулук жана суу өчүп калган. Тынымсыз атышуулардан улам, аларды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой жатканын аймактагы коксохимиялык заводдун директору Муса Магомедов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, атышуунун кесепетинен завод токтоп калды, шаар жылуулукту заводдон алчу. Үйлөрдөгү жылуулук азырынча 16-18 градус.
“Азаттыктын” булактары билдиришкендей, Украина армиясы күнүнө бир нече кишисин жоготууда. Алардын арасында жаш жоокерлер, тажрыйбалуу офицерлер бар. Жай тургундардан канча киши набыт болгону тууралуу маалымат жок, бирок атышуу болуп жаткан аймактан алынган видеотасмаларда жай тургундар да курман болуп жатканын көрүүгө болору айтылууда.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Донбасстагы кырдаалды талкуулоо үчүн атайын жыйынга чогулат. 31-январда Донбасста кан төгүүнү токтотуу талабы менен Евробиримдик өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүнүн саясатчылары чыгышкан.