Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

Соцтармактардагы кооптуу оюндар маселеси милициянын көзөмөлүндө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

“Көк кит”, “Сен оюндасың”, “Өлүм тобу” деп аталган кооптуу оюндар Кыргызстанга да келип жеткени тууралуу маалыматтарга байланыштуу ИИМ иликтөө жүргүзүп, кырдаалга көз салууда. Бул тууралуу маалымдаган министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов соцтармактардагы мындай кооптуу оюндардын негизинде өмүр кыйылган учурлар каттала электигин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, суицидге үгүттөгөн мындай оюндар Кыргызстанга интернет аркылуу Орусиядан келүүдө. Орусияда мындай оюнга катышкан бир нече өспүрүмдүн өлүмүнөн соң, виртуалдык топтун администратору кармалганы кабарланган.

ИИМ ата-энелерди жана чоң кишилерди жаштарды, өспүрүмдөрдү, балдарды интернеттеги мындай коркунучтан чогуу коргоого чакырып, бул иште коомчулук да четте калбай, алдын ала чараларды көрүү зарылчылыгын белгилейт.

Ал эми интернетте мындай оюндарды таркатып, суицидге үндөө иштери толук көзөмөлгө алынат, деп маалымдайт Ички иштер министрлиги.

Интернеттеги кооптуу оюндардан балдарды коргоо боюнча өтүнүч менен Билим берүү жана илим министрилиги да милицияга кайрылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG