Кыргызстанда улгайган кишилерге пенсия берүүдө социалдык теңсиздикти жоюу керек. Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңеште “Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Кенжебек Бокоев көтөрдү. Эл өкүлү муну мугалимдер менен күч органдарында иштеп, пенсияга чыккандардын алгач акчасындагы айырма менен түшүндүрдү.
-Кыргызстанда 40 жылдык мугалимдик тажрыбайсы бар жарандын пенсиясы төрт миң сом. Күч түзүмдөрүндө иштегендер орточо 10-15 миң сом алат. Калыстык кайда? Социалдык теңсиздик болуп жатпайбы.
Бул суроого Социалдык фонд төрагасы Теңизбек Абжапаров жооп берип, пенсия көлөмү жарандын мамлекетке төккөн социалдык төгүмдөрүнүн негизинде аныкталарын белгиледи.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы пенсионерлердин 42% жашоо-тиричилик минимумунан төмөн пенсия алат. Тагыраагы, алардын колго тийген акчасы 5 миң сомдун тегерегинде. Соцфонд төрагасы пенсияны көбөйтүү үчүн канча каражат зарылдыгын тактап чыгуу керектигин белгиледи. (SE)