Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

“Бир дүйнө – Кыргызстан” УКМКны сотко берүүгө камынууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети такталбаган маалымат таратканы үчүн сотко кайрылууга камынууда. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди.

19-январда Оштун Кара-Суу районунда УКМК кызматкерлери “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 33 жаштагы жаранды кармаган. Анын үйүн тинтүү учурунда аталган диний кыймылды жактаган жана “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун ишмердигине байланышканы китептер табылганы кабарланган. Атайын кызмат 28-январда шектүүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму УКМК такталбаган маалымат таратып, укук коргоочуларды жаманатты кылып жатат деп билдирген жана аны төгүнгө чыгарууну сурап атайын кызматка расмий кат жолдогон. Төлөкан Исмаиолова ал катка жооп берилбей жатканын белгиледи:

-Жооп жок. Телефон чалып да байланыша албадык. Кармалган жигиттин адвокатын күтүп жатабыз. Ушул апта ичи күтөбүз, болбосо, сотко кайрылабыз. Документтерди даярдап койдук.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кат каралып жатканын, тиешелүү тартипте жооп берилерин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG