Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

2016-жылы ийгиликке жеткен спортчулар сыйланды


Спортчу Калы Сулаймановду сыйлоо учуру.
Спортчу Калы Сулаймановду сыйлоо учуру.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы ири эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен спортчуларды сыйлады. Бүгүнкү жолугушууда 23 спортчуга өздөрүнүн аты-жөнү жазылган саат жана баалуу белектер тапшырылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сыйланган спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орун;

Эсен Калиев – пауэрлифтинг боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Дүйнө кубогунда 1-орун;

Илгиз Каналбек уулу – дзюдо боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, дүлөйлөр арасында 100 кг салмакта Дүйнө чемпиондугунда 2-орун, Дүйнө чемпиондугунун Open категориясында 2-орун;

Калыбек Жолчубеков – грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеген, студенттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Эламан Догдурбек уулу – эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, олимпиадалык эмес салмактык категориялар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 3-орун;

Эсен Асанов – грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, студенттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Жанарбек Кенжеев – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орун;

Калы Сулайманов – грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, уландар арасында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Үзүр Жусупбеков – грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орун;

Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү боюнча спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орун;

Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиондугунда жана Азия чемпиондугунда 1-орун;

Анарбек Жамакеев – тогуз коргоол боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, интеллектуалдык олимпиадада 1-орун;

Дилдора Рахманова – Алыш белбоо күрөшү боюнча чеберге талапкер, Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Кайрат Маматзакиров – Алыш белбоо күрөшү боюнча спорт чебери, 90 кг салмакта Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Ирлан Казбек уулу – Алыш белбоо күрөшүнөн 70 кг салмакта Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Алтынай Мамырасул кызы – Алыш белбоо күрөшү боюнча кыздар арасында 70 кг салмакта Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Урмат Мамбетжан уулу – самбо боюнча спорт чебери, V Азиялык кумжээк оюндарда кумжээк самбо боюнча 1-орун;

Нурбек Кожобеков – белбоо күрөшү боюнча эмгек сиӊирген спорт чебери, Дүйнө чемпиондугунда 1- орун, Азия чемпиондугунда 1-орун;

Эламан Кенжебаев – самбо боюнча спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орун

Кундузай Жайчибекова – самбо боюнча спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орун;

Евгений Лукьянов – кол күрөш боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Акрам Баратов – кикбоксинг боюнча спорт чебери, жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

Максим Мануилов – самбо боюнча спорт чебери, Азия чемпиондугунда 1-орун.

XS
SM
MD
LG