Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:17

Сокулукта поезд менен автоунаа кагылышынан айдоочу жараат алды


Иллюстративдик сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунда поезд менен автоунаа кагылышып, машине айдоочусу жараат алды. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кызыл чырак күйүп турганына карабай, унаа айдоочусу жолдон өтүүгө аракеттенген.

Окуя 31-январда саат төрткө жакын Шопоков жана Сокулук станцияларынын аралыгында болгон. Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде шлагбаум жок, кыймыл жолчырак менен тейленет.

XS
SM
MD
LG