Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Салянова УКМКга бүгүн сурак берет


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Парламент депутаты Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка бүгүн барат. Анын адвокаты Улан Жумаков билдиргендей, эл өкүлү саат 16:00дө атайын кызматтын суроолоруна жооп берүүгө камынып жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Салянова 31-январда суракка чакырылганын айткан. Депутатты колдоп, шейшембиде бир топ адам УКМКнын алдына нааразылык акциясына чыккан.

Салянова бул боюнча комментарий берип, 31-январь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде ал жазган мыйзам долбоору каралып жаткандыктан сурак күнүн жылдырууну өтүнгөнүн билдирген.

Аида Саляновага 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти УКМК тергеп жатат.

XS
SM
MD
LG