Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Кыргызстандын үч облусунда мигранттарга акысыз укуктук кеңеш берилет


Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чет элге мигрант болуп кетип жаткандарга акысыз укуктук кеңеш берүүчү борбор ачылды. Аны ишке ашырып жаткан “Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү борборунан” кабарлашкандай, борбор Тышкы иштер министрлиги менен кызматташат.

Укугу бузулгандарга жана алдын ала маалымат алгысы келгендерге юристтер төмөнкү багытта жардам беришет:

-Эмгек миграциясына кетип жаткандарга кеңеш,

-“Кара тизмеде” бар же жок экенин аныктоого көмөктөшүү,

-Чет элде жүрүү эрежелери,

-Орусияда укугу бузулгандарга мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдору,

-Жумушка байланыштуу талаштарды чечүүгө жардамдашуу.

Даректер:

Ош шаары, Навои көчөсү-33. Телефон: 0771 85-93-27, Шайыргүл Балтабаева.

Жалал-Абад шаары, Барпы сейил көчөсү-292. Телефон: 0556 05-59-00 – Илхам Абдухалилов.

Баткен шаары, Нургазиев көчөсү-14а. Телефон: 0556 63-02-55 Муратали Турмаматов.

XS
SM
MD
LG