Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Ооганстан армиясы улам бир аймакты көзөмөлдөн чыгарууда


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын куралдуу күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо милдетин НАТОдон өткөрүп алган 2014-жылдан бери козголоңчу согушкерлер улам бир аймакты ээлеп келатышат. Мындай тыянакка АКШнын Ооганстан боюнча атайын инспекциясы келди. Былтыр ноябрда өкмөт 407 чөлкөмгө бөлүнгөн Ооганстандын 57,2 процентин көзөмөлдөп же таасир этчү. Август айына караганда бул сан 6,2 процентке азайган, ал эми 2015-жыл менен салыштырганда 15 процент аймакты жоготкон.

Ушул маалда ооган калкынын үчтөн бир бөлүгү же 9,2 миллион киши талашка түшкөн райондордо жашайт. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча 2016-жылы 640 миңдей ооган салгылашуулардан улам үйлөрүн таштап, жер которууга мажбур болгон.

Жогорудагы докладда ошондой эле ооган аскерлери арасындагы жоготуулар өткөн жылы 35 процентке өскөнү айтылат. Баяндама авторлору Кабул өкмөтү жана коопсуздук күчтөрү колдоого жана донорлук жардамга муктаж деген бүтүмгө келишти.

XS
SM
MD
LG