Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

АКШ дипломаттары Трамптын буйругуна нааразы


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШнын Мамлекеттик департаменти 900дөй дипломат президент Дональд Трамптын качкындар менен иммигранттарга тиешелүү соңку буйругуна нааразылыгын билдиришкенин бышыктады. Маалыматта 31-январда атайын канал аркылуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө кызмат өтөгөн дипломаттар расмий саясатка макул эместигин билдирген меморандумду тапшырышканы айтылат. Трамптын чечимин сотто коргоодон баш тарткан башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан алынгандын эртеси Ак үйдүн өкүлү Шон Спайсер дипломаттарга кеп “Американын коопсуздугу” жөнүндө жүрүүдө, "программаны аткарбагандар мекемеден кетүүгө тийиш" деп эскерткен.

Дипломаттар жаңы буйрук мусулман мамлекеттери менен мамилелердин начарлашына алып келет, антиамерикалык маанайдын жайылышына жем таштайт жана АКШга барууга мыйзамдуу укугу бар адамдарга зыян алып келет деп билдиришүүдө. Алардын пиикринде, мындай саясат Американын баалуулуктарына каршы келет. Президент Трамптын буйругуна ылайык, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендин жарандары үч айга чейин Комшо Штаттарга бара алышпайт. Качкындарды кабыл алуу да убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG