Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:06

Кыргызстанда 2017-жылдын бир айында 15 бала жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп:

-Былтыр бир айда сегиз факты катталган эле. Баары мектеп окуучулары. Жандан кечүүгө үй-бүлөдөгү келишпөөчүлүк, жашоо-турмушка байланыштуу жагдайлар себеп болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы күндөрү Кыргызстанда балдарды өлүмгө түрткөн азгырык жайылууда. Интернет аркылуу “Көк кит” деген аталыштагы түрдүү хэштег менен тарап жаткан бул опурталдуу "оюн" өспүрүмдөрдү жан кыюуга үндөөгө багытталганы кабарланууда.

Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды көзөмөлгө алууга чакырды. Мектептердин жетекчилигине да бул жаатта ата-энелер менен тыгыз иштешүү тапшырылды.

Ата-энелерге балдары колдонгон смартфон жана планшеттерди карап, кайсыл сайттарга кирип жатканын текшерип туруу сунушталууда.

Күч тармагындагы иликтөөчүлөр эгер бала профилинде сүрөттүн ордуна ар кандай сандарды коё баштаса, кооптуу кырдаал жаралып калгандын белгиси экенин айтышууда. Башка өлкөлөрдө да апаатка айланып бараткан бул азгырыкка алдангандар “оюн” эрежеси боюнча таңкы саат төрттөрдө жанын кыйышат. (SE\NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG