Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Авиакырсыктан жабыркагандарга гумжардам чогултуу токтотулду


Бишкекте чогултулган гумжардам.
Бишкекте чогултулган гумжардам.

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында учак апаатынан жабыркагандарга элден гуманитардык жардам чогултуу бүгүн, 1-февралда токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, жарым ай аралыгында 11 миң тоннадан ашуун ун, төрт жарым тоннага жакын кийим-кече, үч тоннадан көп макарон, бир жарым тоннадай май чогулду. Андан тышкары башка азык-түлүк, идиш-аяк, төшөнчү, гигиеналык буюмдар топтолду.

Активисттер гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарын өлкөнүн түрдүү аймактарында ачышты.

Атайын ачылган банк эсебине 49 миллион сомдой түштү. Акча чогултуу уланууда.

16-январда “Манас” аэропортуна жакын Дача СУ конушуна Түркиянын авиакомпаниясына таандык Боинг-747 жүк учагы кулап түшкөн. Андан 39 адам көз жуумп, бир топ үй кыйраган. Каза тапкандардын төртөө - учкучтар, калганы - айыл тургундары.

XS
SM
MD
LG