Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

"Кировлес" боюнча жаңы иш сотто каралууда


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Киров шаарынын сотунда "Кировлес" боюнча жаңы иш каралууда. Айыпталуучулар – Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный жана бизнесмен Петр Офицеров.

Кечээ фонддун кеңсесине сот аткаруучулары келип Навальныйды коштоп кетишкен. Фонд жетекчиси ал чараларды ашыкча деп сыпаттады. 30-январда сот Навальный менен Офицеровду сотко күчтөп алып келүү арызын канааттандырган.

2013-жылы алар шарттуу түрдө кесилген. Прокуратура Навальный менен Офицеров 10 миң куб метр бак-даракты уурдап, Киров облусунун бюджетине 16 миллион рубль зыян алып келишкен деп айыптаган. Адам укуктары боюнча Европа соту өкүмдү адилетсиз деп тапкан. Ал күчүнөн кетирилгенден кийин 2016-жылдын ноябрында Орусиянын Жогорку соту ишти кайра кароого жөнөткөн. 2011-2012-жылдары өкмөткө каршы чыгуулардын лидерлеринин бири Навальный 2014-жылы башка бир иш боюнча күнөөлү деп табылып, 3 жарым жылга шартуу кесилген. Ал жакында 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын билдирген эле. Бирок соттолсо, талапкерлигин кое албайт.

XS
SM
MD
LG