Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Аалы Карашевдин КСДПдан депутат болуп келишин сындап, муну бийликтин күчтөнүүгө жасаган аракети деп атады.
“Азаттыкка” комментарий берип жатып, Карашевди аппаратты башкаруудагы тажрыйбалуу адис катары сыпаттаган Шыкмаматов, КСДП фракциясында тартипти бекемдөө максатында атайын депутаттык мандат берилгенин айтты:
-Бизде “Мураскер” деген операция башталгандай. Постсоветтик мамлекеттерде мындай тажрыйба бар. Орусияда, Украинада болгон. Башкалар даяр болбой калган маалда бул ыкманы колдонушат. Жеке пикиримде Карашевдин парламентке келиши да ушуну айгинелейт.
Бул маселеде Карашев комментарий бере элек. КСДП фракциясынын лидеринен жана катчылыгынан да пикир алууга мүмкүн болгон жок. (SE)